АНТРОПОСОФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:06, 13 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(антропо... ж-а гр. sophia - акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий табияты («рух ж-дөгү илим») ж-а аларга жетүүнүн ыктары тууралуу окуу. Немец философу Р. Штейнер тарабынан негизделген. 1913-ж. А-лык коом түзүлүп, аны ушул идеялык агымды негиздөөчү өзү жетектеген. 1996-ж. коомдун мүчөлөрү 53 миңге жеткен. Бул окуу адам рухунун, жан дүйнөсүнүн сезим кудуретинен тыш, б. а. ашкере сезгичтик жактарын изилдөөгө алат. Адам өзүн космикалык жан (существо) катары таануу м-н өзүндө өтө ашкере сезгичтик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу аалам м-н адамдагы жашыруун күчтөрдүн байланышын табууга жол ачат. Ал эми аларды таанып билүүгө алып барчу жол адамдын жан дүйнөсүнүн тереңинде жатат.
                                                                                  	Г.	Т.	Ботоканова.