АНТРОПОНОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:53, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОНОЗДОР (антропо... жана гр. nosos - оору) – адамга гана таандык жугуштуу (инфекциялык) жана мите оорулар. Алардын козгогучтары эволюция процессинде адам организминде мителик кылууга ыңгайланган. Оору козгогучтарын (бактерия, вирустар, гельминттер ж. б.) өз организминде «ташып» (алып) жүргөн киши оору булагы болуп эсептелет. Антропоноздорго ич келте, келте, холера, дизентерия, аскаридоз, полио­миелит (баланын шал оорусу), кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, суу чечек, чечек, сакоо, кайталанма келте, безгек, чүчөк ж. б. кирет.