АНТРОПОЛОГИЯЛЫК ТИПТЕР
АНТРОПОЛОГИЯЛЫК ТИПТЕР– дене түзүлүш белгилеринин мурас болушу жагынан жалпылыгы бар, теги бирге адамдардын топтору. Кеңири мааниде алганда Антропологиялык типтер адамзат расаларынын синоними болуп эсептелет. Бирок, көбүнчө Антропологиялык типтер деп антропологиялык классификациянын бир чоң расага (европеоид, монголоид, негроид ж. б.) тийиштүү майда бөлүкчөлөрүн аташат.