АНТРОПОГЕНДИК ЛАНДШАФТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:32, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОГЕНДИК ЛАНДШАФТ– адамдын чарбалык иш-аракетинин негизинде табигый абалына салыштырмалуу өзгөрүүгө дуушар бол­гон геогр. чөйрө. А. л-ка өнөр жай комплекси, калк отурукташкан жерлер, а. ч-луу, өнөр жайлуу р-ндор ж. б. кирет. А. л-тын өзүн-өзү жөнгө салып турган табигый ландшафттан айырмасы, ал такай адамдын таасири астында өөрчүп, өнүгөт. Бирок, көпчүлүк учурда көзөмөлдөнбөгөндүктөн чөйрөнүн деформациясына ж-a бузулушуна түрткү болот. А. л. өзгөрүүсү (чала өзгөргөн, өзгөргөн, өтө өзгөргөн), социалдык-экон. функциясы (а. ч-лык, урбанизацияланган, рекек­реация лык, коруктук, чөйрө коргоочу ж. б.), антропогендик таасирлердин натыйжасы б-ча (маданий же өзгөртүлгөн ландшафт) бөлүнөт. А. л. кургактыктын 63% ин ээлейт.