АНТРЕПРЕНЁР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРЕПРЕНЁР (французча entrepreneur – ишкер) - жеке менчик оюн-зоок мекемесинин (театр, цирк жана башкалар) ээси. Антрепренер профессионал өнөрчүлөр топтору жаралганда кошо пайда болгон (XVI кылым). Коммерциялык пайдага кызыккан антрепренердон башка театр менен чыгармачылык байланышы бар антрепренер да болгон. Андай антрепренердун милдетин көбүнчө башкы актёр, драматург же режиссёр аткарган. Азыр көп өлкөлөрдө мамлекеттик театр менен катар антреприза деп аталган менчик театрлар да пайда болууда.