АНТРАЦЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:21, 15 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАЦЕН, С14Н10 – конденсацияланган ароматтык углеводородцор. Түссүз кристалл, б. эрүү t 216,6°С, кайно t 351°С, орг. эриткичтерде аз эрийт; эритмеси кызгылт көк. Техникада А. таш көмүр чайырынын 300-350°Сде кайноочу фракциясынан бөлүнүп алынат. Синтездик жол м-н Фридель-Крафтс же Фиттинг реакциясынан, о. эле антрахинонду калыбына келтирүүдөн алы­нат. 1-жолу 1832-ж. таш көмүр чайырынан табылган. А-дин мезо-көмүртек атомдору реакцияга оңой кирет, анын кычкылданышынан антрахинон алынат.