АНТРАКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАКТ (фр. entre – аралык, acte – көшөгө) – 1) спектакль, цирк оюну, концерт учурунда артисттердин, көрүүчүлөрдүн тыныгуусу, сахна жасалгаларын алмаштырууга зарыл убакыт; 2) драмалык спектаклдерде көшөгө ачылар алдында ойнолуучу (оюнга тиешеси жок) музыкалык пье­са; 3) операда, балетте оркестрдин аткаруусундагы актта (биринчиден башка), кээде концертте аткарылуучу номер (Ж. Бизенин «Кармен» операсында 3-көшөгөдө). Операда же драмада сүрөттөрдүн арасында аткарылуучу пьеса (Н. А. Римский-Корсаковдун «Китеждеги көрүнбөгөн шаар тууралуу жомок» операсынан «Керженцтин алдындагы салгылаш» симфониялык картинасы).