АНТРАКНОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАКНОЗ (гр. antrax – көмүр ж-a nosos - илдет) – дарак, бадал ж-a чөп өсүмдүктөрүнүн кебер илдети. Бул илдетке чалдыккан өсүмдүктү каратак басып, бүдүрлүү болот. А. илдетине чал­дыккан үрөн, өсүмдүк калдыгы, топурак, суу курт-кумурска ж-a шамал аркылуу таралат. Ал мелүүн климаттуу зонада кезигип жаан-чачындуу жылы айрыкча көбөйөт. Жаңгак, чай жана цитрус өсүмдүктөрү көп чалдыгып, түшүм төмөндөйт. Ага каршы күрөшүүдө которуштуруп айдоону туура жүргүзүү, өсүмдүктүн таза сортторун эгүү; өсүмдүктүн илдеттүү бутагын жазында кыркып, өрттөө, жайкысын бордос суюктугун же аны алмаштыруучу дарыларды колдонуу керек.