АНТОНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– алманын кышкы сорту. Ал кадимки, таш А. ж. б. түргө бөлүнөт. Мөмөсү ири,

сүйрү же конус сымал. Кабыгы саргыч, сулпу ак, кычкыл, таттуу, даамдуу ж-a жагымдуу жыты бар. Түшүмдүү келип, кургакчылыкка, кышка байымдуу. Кыртышты көп ылгабайт. 5- 7 жылдыгынан баштап мөмө байлап, 60 жылга чейин мөмөлөйт. Эң жакшы шартта бир түбүнөн 500 кг түшүм алынат. Мөмөсү сентябрдын аягында, октябрдын башында жыйналып, апрелге чейин сакталат. А-дан как, повидло, пюре, мар­мелад, желе, шарап жасалат.