АНТОНИОНИ Микеланжело

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТОНИОНИ Микеланжело (29. 9. 1912, Италия, Феррара ш. – 30. 7. 2007, Рим) – италиялык кинорежиссёр, сценарист. Болоньедеги экономика ж-а коммерция жогорку мектебин бүтүргөн, ошондой эле журналистика ж-а кино сын б-ча да окуган. 1942-ж. режиссёр катары Францияда «Кечки келгиндер» (реж. М. Карне) фильминде стажер катары иштеген. «Трагедиялык аңчылык» (1947, реж. Д. Ж. де Сантис) ж. б. фильмдерге сценарий жазган. «Ак шейх» фильминин сюжетинин автору (1952, реж. Ф. Феллини). «Түн» (1960), «Тутулуу» (1962), «Кызыл чал» (1964), «Забрискипойнт» (1970), «Кесиби: репортёр» (1975) ж. б. фильмдерди жараткан. М. Антониони дээрлик бардык фильмдеринин сценарийинин автору. 1980-ж. «Обервальддын сыры» (Ж. Коктонун «Эки баштуу бүркүт» пьесасы б-ча), 1982-ж. «Аялдагы окшоштук» телефильмин тарткан. Кинофильмдердин эл аралык сыйлыгынын бир нече жолку лауреаты.