АНТОНИЙ МАРК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТОНИЙ МАРК (б. з. ч. 83-30-ж.) – римдик саясий ишмер жана кол башчы. Юлий Цезардын жактоочусу. Цезарь өлгөндөн кийин сенат ага каршы аскерлерин жиберип, 43-ж. Антоний Марк жеңилет. 42-ж. Октавиан жана Лепид менен бирдикте Бруттун жана Кассийдин аскерлерин талкалап, 2- триумвиратты негиздеген. Андан кийин Антоний Рим державасынын чыгыш провинцияларын алып, ал жерде чексиз бийлик жүргүзгөн. Египет ханышасы Клеопатра менен жакындашып, Клеопатрага жана анын балдарына чоң аймактарды тартуу кылган. Ага нааразы болгон Сенат Клеопатрага каршы согуш жарыялап, Акций кысыгында египеттик флоттун жеңилиши (31-ж.)менен аяктаган. Октавиандын аскерлери Египетке басып киргенден кийин, Антоний өзүн өзү өлтүргөн.