АНТИХРИСТ –

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 христиан мифологиясы б-ча

«акыр заман» болоор алдында келе турган Иисус Христостун душманы. Библияда («Иоанндын аянында»): А. Кудай тарабынан адамдарды сыноо үчүн жиберилет ж-а анын келиши согуш, ачарчылык, эпидемия ж. б. сыяктуу чоң кыргындарды алып келет. Мунун баары кудайга болгон ишенимдин жоголушу, дин үгүтчүлөрүн куугунтуктоо ж-а адеп-ахлаксыздыктын таралышы м-н коштолот. Бирок анын бийлиги узакка созулбайт, кайрадан кайтып келген Иисус Христос жеңишке жетишет, деп айтылат.