АНТИТЕЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИТЕЗА (гр. antithesis – карама-каршылык) – көркөм чыгармада кеңири колдонулуучу стилистикалык ыкмалардын бир түрү. Акындар чыгармаларындагы каармандардын мүнөзүн толук ачуу жана окурмандарга эстетикалык күчтүү таасир калтыруу үчүн карама-каршы түшүнүктөрдү бир бүтүн сүйлөмгө же сөз тизмектерине топтойт. Мисалы, «Келериңде дүнүйө, жыйырма беш жаштайсың, кетериңде дүнүйө, жыдыган кара чачтайсың» (Токтогул), «Унчукпасам, улутунуп зерикпе. Өкүм айтсам, уялдым деп терикпе» (А. Токомбаев), ошондой эле Б. Сарногоевдин «Сага айткан сөз» деген ыры антитеза формасында жазылган. Акын турмуштун карама-каршы, «караңгы жана жарык» жактарын ачык, даана сүрөттөөгө жетише алган. Антитеза жалаң гана поэтикалык чыгармаларда эмес, прозалык жана публицистикалык чыгармаларда, изилдөөлөрдө жана макалаларда жана башка. кеңири кездешет. Мындай ыкманы колдонууда автор өз позициясын, идеясын, проблемасын ачык, даана жана элестүү берүү үчүн бири-бирине карама-каршы түшүнүктөрдү, туюнтмаларды пайдаланат. Мисалы, «Турмушта эмнелер жок! Кубаныч менен өкүнүч, күлкү менен ый, шаттык менен кайгы, «жалкоо менен ишмер», «жеңилүү менен жеңүү», «жек көрүү менен жактыруу» жана башка толуп жатат, бул чындык» (А. Токомбаев, Автобиографиялык фрагмент). Социалдык-коомдук турмуштагы, адамдар турмушундагы ар түрдүү конфликтүү кырдаалдарды ачык, даана сүрөттөө максатында антитезалык сүрөттөө кеңири эпикалык масштабдагы чыгармаларда да кеңири колдонулат.