АНТИСФЁН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:26, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИСФЁН А ф и н а л ы к (б. з. ч. 435 жана 370) – байыркы грек ойчулу, Сократтын окуучусу, Платондун душманы. Антисфендин идеяларын киниктер өркүндөткөн. Ал «буюмдардын аталышын билимдин башталышы» деп эсептеген. Антисфен карама-каршылыктын түрүн танган, анын окуусу көпчүлүк учурда практикалык багытта болгон; ал муктаждыктардан баш тартууну, эрктүү мүнөзгө тарбиялоону талап кылган; жөнөкөйлүккө, табигый калыпка кайтууга үндөгөн; традициялык динди жана традициялык мамлекетти четке каккан; даанышман кандайдыр бир белгилүү мамлекеттин жараны эмес, ал бүткүл дүйнөнүн жараны. Антисфендин ою боюнча, жалгыз ыракаттын нак өзүн эмгек берет, ал эми жашоонун максаты даанышмандык деген. Ал элдердин теңдигине каршы чыккан жана коомдук жашоодо акылман жалпы кабыл алынган мыйзамдар менен эмес, даанышмандардын мыйзамы менен башкарылат деген.

                                                                                                                   Ш. К. Алиева.