АНТИПРОТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИПРОТОН (ṕ ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. Антипротон менен протондун массасы жана спини барабар, электр заряды жана магнит моментинин абсолюттук чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. Антипротондун электр заряды терс маанилүү. 1955-жылы О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык антипротон менен протон бирге пайда болушат. Антипротон жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. Антипротон зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.