АНТИПРОТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИПРОТОН ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. А. менен протондун массасы жана спини барабар, электр заряды жана магнит моментинин абс. чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. А-дун электр заряды терс маанилүү. 1955-ж. О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык А. менен протон бирге пайда болушат. А. жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. А. зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.