АНТИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯ (б. з. ч. 7–6-кылымда калыптанган – грек антика философиясы) – мүнөзү жана мазмуну, өзгөчө философиялуу методу менен байыркы чыгыш философиялык системаларынан айырмаланат. Анын өнүгүшүн болжол менен 4 этапка бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) Сократка чейинки этап, ошол мезгилдин философторун досократиктер деп аташкан. 2) Классикалык этап. Ал Сократтын, Платондун жана Аристотелдин таасири жана ишмердүүлүгү менен мүнөздөлөт. 3) Бул учурдагы эмгектердин көпчүлүгү эллинистикалык этап катары аныкталган. 4-сү ошол кездеги чечүүчү күчтөрдүн бири болуп турган Римге туш келет. Көп жагынан ал грек маданияты менен байланыштуу, ошондой эле христиан философиясы калыптанат.

                                                                                                                  Ш. К. Алиева.