АНТИГУА-ГУАТЕМАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИГУА-ГУАТЕМАЛА – Гватемаладагы шаар. Сакатепекес депертаментинин администрация борбору. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Калкы 58 миң (2010). Гватемала шаарынан 30 км батышта, 1533 м бийиктикте Агуа өчкөн жанар тоонун (3766 м) этегинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Панамерика шоссеси менен байланышат. 1527-ж. негизделген. 1541-ж. жанар тоонун атылышынан талкаланып, 1542-ж. азыркы ордуна көчүрүлгөн. 17–18-кылымдарда Борбордук Америкадагы ири саясий, экономикалык жана маданий борборго (Мехико, Лимадан кийин) айланган. Антигуа-Гуатемала – шаар-музей. Өлкөнүн башкы туристтик борборлорунун бири. Эстеликтери: сарай (1549–68), ратуша (1739–43), Сан-Карлос университети, монастырь

жана Нуэстра Сеньора де ла Мерсед чиркөөсү

Файл:АНТЙГУА-ГУАТЕМАЛА 104.png
Антигуа-Гуатемала ш-ндагы Нуэстра Сеньора де ла Мерсед чиркөөсү (17-к.).

(17-кылым), Сантьяго собору (1542), Сан Франсиско (1690), Ла Кампаньия де Хесус (1698) чиркөөлөрү, Реаль Кабильдо (1740–43), Корол жана Каса деЧаморро (1702) сарайлары, 18-кылымдын турак-жайлары. Музейлер [Сантьяго, байыркы китептер, Каса Кохом (Музыка үйү)] бар. Жыл сайын диний фестивалдар өткөрүлөт. Яшма, жыгач, карападан кооз буюмдар жасалат.