АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ – иммундук комплексти пайда кылуучу антигендин өзгөчө антитело менен байланышы. Бул реакция антитело жана антигендин структураларынын дал келиши менен мүнөздөлөт. Антиген менен антитело өз ара байланышканда гидрофобдук, суутектик, электрстатикалык, Ван-дер-Вальс байланышы пайда болот. Түрлөрү агглютинация, преципитация (тунма пайда болуу), токсиндерди зыянсыздандыруу, цитолиз реакциясы ж. б. Ал - гумордук иммунитеттин негизи. Токсиндерди нейтралдоо, ооруга чалдыктырган микроорганизмдерди, организмдин өзгөргөн клеткаларын жок кылуу бул реакция менен башталат. О. эле иммундук комплекстин пайда болушу – анафилаксия, аутоиммундук оорулар ж. б-лардын патогендик механизми.