АНТАРКТИКАЛЫК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТАРКТИКАЛЫК КЛИМАТ – Антарктиданын жана аны чулгаган океан мейкиндиктеринин климаты. Материктин климаты өтө катаалдыгы (кышында абанын температурасы –60...–70°Сден төмөн болуп, жылына 100 ммден аз жаан-чачын жаайт), аба ырайында антициклондук режимдин үстөмдүк кылышы менен өзгөчөлөнөт. Жээктеринде жайкы температуpa 0°Сге чейин жетет. Океан мейкиндигинде атмосфералык басым өтө өзгөрүлмөлүү келип, ургаалдуу циклондук аба агымдары жаан-чачын жана катуу шамалдарды пайда кылат.