АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ (1961 -ж. чейин сов. ж-а англ. карталарда Грейама жери, амер. картада Палмера ж. а., чили картасында О’Хиггинс жери, аргентина картасында Сан-Мартин жери аталган) – Антарктида аймагынын бир бөлүгү. Болжол м-н 1200 кжге түндүккө, Түш. Американы карай созулат. Жазылыгы 200 км-дей. Бийикт. 4191 мге чейин. Борб. бөлүгүн мөңгүлүү плато (бийикт. 1500–2000 м) ээлейт. Жээгинин айрым жеринде муз каптабаган тоо массивдери кездешет. А. ж. а-нда антарктидалык ил. станциялардын 1/4 жайгашкан.