АНТАРКТИКА АЛКАГЫ
АНТАРКТИКА АЛКАГЫ– Жер шарынын эң түштүгүндөгү геогр. аймак. Антарктиданы жана аны курчаган океан сууларын, аралдарды ээлейт. Алкактын чеги адатта эң жылуу айдын (январь же февраль) 5°С изотермасы аркылуу жүргүзүлөт. А. а. ызгаардуу суук климаты, эң төмөнкү радиациялык балансы (жай айларынын орточо темп-расы нөлдөн төмөн болот), уюл түндөрүнүн узактыгы, антарктидада аба массаларынын үстөмдүк кылышы менен өзгөчөлөнөт. Биол. жана геохим. процесстер өтө жай жүрөт. Мында Жер шарындагы бардык мөңгүлөрдүн 85,3% топтолгон. Муздан бошогон ачык жерлеринде гана суйдаң өскөн мамык чөп (мох), эңилчектер учурайт.