АНСЭЙ КЕЛИШИМДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:41, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНСЭЙ КЕЛИШИМДЕРИ – 1854–58-ж. АКШ, Улуу Британия, Россия, Франция, Нидерланды менен Япониянын ортосунда Ансэй жылдарында (император Комэй башкарган жылдардын расмий аталышы) түзүлгөн келишимдер. Япон өкмөтүнүн каршылыгына карабастан, Ансэй келишимдери Япониянын эки кылымдан ашык мезгилге созулган тышкы дүйнөдөн изоляциясын жойгон. Ансей келишимдери чет өлкөлүк соодагерлерге Япониянын айрым шаарлары менен портторунда тоскоолсуз соода жүргүзүүсүнө жол ачып, бул мамлекетти дүйнөлүк рынокко кошкон. Бирок Япониянын чет өлкөлүк соода компанияларынан алынуучу бажы салымдарын алуу укугу чектелип, келишимдерге ылайык, сырттан ташылып кирген товарлардан алынуучу бажы салыктары төмөндөтүлгөн. Ансэй келишимдеринин шарттары 1894–99-ж. кайра каралган.