АНОШИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНОШИН Александр Григорьевич (1878, Нижний Новгород губерниясы, Любянцы кыштагы – 1958) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1905–1907-жылдары Уфа жана Омск шаарында революцияга катышкандыгы үчүн Түркстан крайына айдалган. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерге алынып, солдаттардын согушка каршы чыгууларына катышкан. Февраль революциясынан кийин Ош шаарында большевиктердин алгачкы тобун уюштурган. Анын жетекчилиги менен уезддик борбордун большевиктери 1918-жылы Убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатып, Совет бийлигин орнотушкан. Ошол эле жылы мартта РКП (б)нын Ош уезддик-шаардык комитетинин биринчи председатели, Ош уездинин аскер комиссары болуп шайланган. 1918-жылы басмачыларга каршы күрөштү уюштуруп, аны жетектеген. 1919–1924-жылдарда Өзбекстанда жооптуу кызматтарда иштеген.