АНОРТОЗИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:16, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНОРТОЗИТ (аты анортит минералынан келип чыккан) лабрадорит, олигоклизит, плагиоклазит – орто ж-а негиздүү плагиоклаздан турган, габбро тобундагы магма тоотеги. А-тин курамында кошунду катарында пироксен, оливин, магнетит, титаномагнетит ж. б. болот. Өңү ак, боз, күңүрт кара, кээде көк ж-а көгүш келип, кубулуп турат. А-тин кубулган түрлөрү эстелик жасоо ж-а имараттарды кооздоо үчүн пайдаланылат.


АНОФтАлЬМ (ап... ж-агр. ophtalnios – көз) – бир же эки көздүн жоктугу. Ал көбүнчө көз оор майып болгондо же катуу оорудан кийин аны хирург, операция жолу м-н алып таштаганда болот. Айрым учурда тубаса да болушу мүмкүн.