АНОНИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНОНИМ (гр. anonymos – аты жок) – 1) кат жазууда же чыгармада өз атын жашырган автор; 2) автору көрсөтүлбөгөн чыгарма. Анын авторун аныктоо атрибуция деп аталат. Элдик оозеки чыгармалар: жомоктор, ырлар, табышмактар, макал-лакаптар, поэмалар, эпостор да аноним чыгармалар болуп эсептелет.