АНОМАЛИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНОМАЛИЯ (гр. anomalos – нормадан башкача) м е д и ц и н а д а – айрым органдын же бүтүндөй дененин өсүп жетилүүсүндө аларга мүнөздүү эмес түзүлүштүн пайда болушу. Аномалияга кээ бир мүчөнүн өспөй калышы, начар жетилиши же өтө өсүп кетиши, эрин, таңдай жырыгы, тубаса жалгыз бөйрөк, жүрөктүн оң жакка жайгашышы, тубаса начар иштеши ж. б. кирет. Төрөлгөн миң баланын онунда аномалия кездешет. Аномалияга генетикалык, механикалык, физизкалык, химиялык, радиациялык факторлордун, ошондой эле жугуштуу ооруларды козгоочу микробдордун түйүлдүккө тийгизген залалы алып келет. Анын оор түрүнө тубаса майыптык кирет.