АНОД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНОД (гр. Anodos – жогору карай кыймыл) —1) ток булагынын (электр аккумуляторлорунун, гальваникалык элементтин, электр машиналарынын) оң потенциалга ээ уюлу же кыскычы. 2) Электр вакуумдук, электр-тех. ж-а радиотех. (электрондук же иондук) прибордун ток булагынын оң уюлу м-н туташтырылуучу электроду. 3) Электр жаасынын оң электроду.