АННАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННАЛДАР (лат. annus – жыл) – жыл ичиндеги олуттуу окуяларды каттоо; тарыхый-баяндоо даректеринин адепки формасы, жазма санжыра. Жылына каттоо байыркы заманда көп элдерде болгон, бирок «Анналдар» термини байыркы Римден чыккан. Анда жылда болгон олуттуу окуяларды тактайга жазып, элге жарыя көрсөтүп коюла турган. Кыязы анналдар биздин заманга чейин 387-жылы Римдеги өрттөн улам жок болуп кетсе керек, кийин эсте калгандары кайрадан жазылып, улантылган. 130 жылга жакын анналдар 80 китепке чогултулган («Чоң Анналдар» жыйнагы). 123–114-жылдары анналдарды жазуу токтотулган, бирок анналчылардын чыгармалары үчүн тарыхый булак болуп калган.