АННАБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:06, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННАБА (мурдагы Бон) – Алжирдин түндүк-чыгышында жайгашкан шаар. Аты окшош вилайинин административдик борбору. Калкы 206,6 миң (2005). Жер Ортолук деңиздеги ири порт (жылдык жүк айлануусу 8 млн т, анын ичинде 5 млну нефть). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Антика дооруна таандык Гиппон шаарынын урандыларынын ордуна 1-к-да римдиктер финикиялык айылдын ордуна курушкан. Б. з. ч. 9-к-га чейин сакталган. Шаар 11-к-дан ири порт. Эски шаардын айрым бөлүктөрү, Сиди бу Меруан мечити (1033-ж. чен; толугу менен кайра курулган), университет (1995) бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай борбору. Металлургия (Эл-Хажар комплекси), металл иштетүү, тамак-аш, текстиль жана химиялык өнөр жай иштейт.