АНКИЛОСТОМИДОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:03, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– кишинин ичегисиндеги

мите – анкилостидалар пайда кылуучу оору. Оорулуу адамдын заңы м-н чыккан мите курттун жумурткалары жерде личинкага айланат. Ал личинкалар м-н булганган жашылча, мөмө жемиштер ж. б. тамак-аш м-н соо кишинин ичегисине келет. Ал жерде личинкалар 8-10 жумада чоң куртка айланып, ичегинин былжыр челин жаралап, кан соруп азыктанат. Оорулуу канын жоготуп, алсырап, башы ооруп, карыны м-н боорунун тушу ооруп, зарна болуп, кусат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Аны алдын алууда мите жуккан кишини эртерээк таап дарылоо, булганган жерлерди зыянсыздандыруу, тамак-ашты таза сактоо, өздүк гигиена эрежелерин бузбоо зор мааниге ээ.