АНКАРА САЛГЫЛАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНКАРА САЛГЫЛАШЫ-- (1402) – эмир Тимур м-н түрк султаны Баязит Iнин аскерлеринин ортосундагы Анкаранын алдындагы согушу. Салгылаштын жүрүшүндө Тимурдун аскерлери Анкараны курчоого алган ж-а Баязит туткунга түшкөн. Жардамга келген түрк аскерлеринин сан жагынан аз болгондугуна байланыштуу, алардын чабуулунун мизи кайтарылган. Баязиттин жеңилип калуусунун негизги себептеринин бири – анатолиялык бейлердин Тимурга өтүп кетүүсү болгон. Натыйжада Европадагы күчтүү мамлекеттерден болгон түрк мамлекети убактылуу алсырап, өлкөдө Баязиттин уулдарынын ортосунда бийлик үчүн ич ара күрөштөр, элдик көтөрүлүштөр күч алган.