АНИМИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНИМИЗМ (лат., anima, animus – жан, pyx) – pyx жана жанга болгон ишенимди билдирүүчү түшүнүк. Мында «жан» негизинен адамга, кээде жаныбарларга, ал эми «рух» табиятка (тооташ, булак, токой жана башка) карата айтылат. Анимизм түшүнүгүн 18-кылымда алгач немец врачы Г. Шталь киргизген. Жашоонун негизин жана башталышын түзгөн «жан» деп туюнтуп, өз окуусун анимизм деп атаган. 19-кылымда анын теориясын Э. Тайлор, Г. Спенсер жана башка улантышкан. Тайлор анимизмди бардык диндердин негизи катары караган. 20-кылымда анын теориясы изилдөөчүлөр тарабынан өтө курч сынга дуушар болгон. Анимизмдин элементтерин кыргыздардын диний-философиялык ишенимдеринен да байкоого болот. Ар бир кыргыз уруусунун ыйык деп эсептелген дарагы, тоосу (бийик чоку), жылдызы, жаныбары болгон. Анын айрым элементтери тотемдик ишенимдерде да чагылдырылган. Дарактарга сыйынып, тилек тилөө, ага кездеменин үзүндүлөрүн байлоо, тоо-ташка сыйынуу, тоолуу-токойлуу жерлердеги айрым жерлерди ыйык деп эсептөө жана башкалар.