АНИМАЦИЯ (жандандыруу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
23:48, 26 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

) (Animation-Анимация) термини кыймылдоочу графиктик сүрөттөлүштөр, б.а. сүрөттөрдү жандандыруу менен байланышкан. Анимация негизги графиктик сүрөттөлүштүн жөнөкөй кыймылынан, өтө деталдуу сүрөттөлүштөрдүн комплекстүү кыймылына чейинки татаал процесстерди түзүүгө жөндөмдүү. Мультимедиа колдонмолорунда анимация текст жана графикке караганда маалыматты ачыгыраак көрсөтөт. Кыймылдаткычтын иштешин жазып түшүндүргөнгө караганда анимацияны колдонуу менен поршен клапандарынын ачылып жабылганын, поршендин жогору жана төмөн кыймылдаганын көрсөтүү менен айтып берилсе жеткиликтүү болот. Тармак барактарындагы кыймылдаган график, анын көрүнүшүнө кызыктыруу менен маанилүү маалыматтарга көңүлдү бурат. Ошондой эле, жаңылыктардагы же спорттогу эсеп тексттери кыймылдатылып көрсөтүлөт. Анимация тармакка негизделген оюндардын көбүндө колдонулат.


Файл:АНИМАЦИЯ (ЖАНДАНДЫРУУ.jpg