АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– касиеттери (деформациялык, электрдик, жылуулук, магниттик, оптикалык ж. б.) түрдүү багыттар б-ча бирдей эмес тоо тектер. Минералдардын ж-а тоо тектин анизотропиялуулугу тоо тектердин микрокатмарланууга, бүртүкчөлөрдүн ж-а кристаллдардын иреттүүлүгүнө ж-а микрожаракалуулугуна байланыштуу. Тоо тек массивдеринин

аназотропиясы ири структуралык элементтердин иреттүү жатышы м-н аныкталат; тоо-кен иштерине киришүүдө, бузуу ыкмаларын тандоодо деформациялык А-нын мааниси зор; ал кысууда ж-а чоюууга бышыктык чегине же деформация модулуна карата аныкталат. Мис., көмүрдүн деформациялык модулу 1,22, кумдуктуку 1,28, алевролиттики 1,61.