АНЗЮС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЗЮС (англ., Australia, Hew Zealand, United States – ANZUS) – Австралия, Жаңы Зеландия жана АКШнын согуштук-саясий союзу. Үч тараптуу коопсуздук пактысын (АНЗЮС) түзүү жөнүндөгү келишимге 1951-жылы 1-сентябрда Сан-Франциско шаарында кол коюлган; ал 1952-жылы 29-апрелде күчүнө кирген. Келишимде аталган мамлекеттер Тынч океан аймагында биргелешип коргонуу тууралуу макулдашышкан. 1986-жылы Жаңы Зеландиянын өкмөтү АКШнын ядролук куралдуу аскер кемелерин өлкөнүн портторуна киргизүүгө тыюу салып, бул мамлекетке карата келишимдин шарттарын аткаруудан баш тарткан. АНЗЮСка кирген мамлекеттер кийин СЕАТОну түзүүгө да катышкан.