АНЖЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 14 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЖЫР (Ficus carica) – өсүмдүктөрдүн тыттар тукумунун фикус уруусундагы субтропиктик мөмө дарагы. Бийикт. 12-15 м. Сөңгөгүнүн диам. 0,2 – 0,5 м. Тамыры жоон, бутактап өсөт. Күбүлмө жалбырагы жазы, 7 тилкелүү. Майда гүлдөрү ал мурут сымал, топ гүлү сиконияга чогулган. Ири мөмөсү көп уруктуу, тоголок же алмурутка окшош, таттуу, жумшак, сал м. 32-77 г. Курамында

Файл:АНЖЫР 93.png

кант, пектин заттар, А, С, Blf В2 витаминдери, каротин, кальций, темир, фосфор бар. Мөмөсү жумшак болгондуктан, көпкө сакталбайт. Жаңы кезинде, кургатылып желет, кыям, компот даярдалат. А.– эки үлүштүү өсүмдүк, 2-3 жылдыгынан баштап мөмө байлап, 50-80 жылга чейин мол түшүм берет. Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Кичи Азия, Иран ж-а Индияда жапайы түрү өсөт. Кавказда, О. Азияда, Крымда жапайы ж-а эгилме түрү бар. Кыргызстандын Ош обл-нда өстүрүлөт. Кызыл китепке катталган.�ан.