АНЖУ ДИНАСТИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЖУ ДИНАСТИЯСЫ – Орто кылымдардагы Франциядагы Анжу графтарынан чыккан королдук династия. Анжу династиясынан чыккан королдор Европанын бир топ мамлекеттеринде: Англияда (Плантагенеттер, 1154–1399), Түштүк Италияда (1268–1442), Сицилияда (1268–82), Венгрияда (1308–87), Полыпада (1370–82,1384–85) бийлик жүргүзүшкөн.