АНЖИЯН кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЖИЯН – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 23 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 4 км. Деңиз деңгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4881 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, кафе, чайкана, оорукана ж. б. бар.