АНЕТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЕТО, Пико-де-Ането – Пиренейдин эң бийик чокусу. Испанияда. Бийиктиги 3404 м. Маладета тоо массивинде жайгашкан. Негизинен гранит, төмөнкү бөлүгү аки таш тегинен турат. Кар катмары жана чакан мөңгүлөрү бар. Байыркы мөңгөлөрдүн издери сакталган. Капталынын этегинде бук, эмен жана каштандан турган токойлор өссө, 2300–2400 мге чейин бадал, ийне жалбырактуу карагайлар, андан жогору альп шалбаасы өсөт. Чокуга алгач 1787-жылы француз табият таануучусу жана саякатчы Л. Рамон чыккан.