АНЕРОИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЕРОИД (а... жана грекче neros – суу, б. а. суюктуксуз аракетке келтирүү), б а р о м е т р а н е р о и д – атмосфера басымын өлчөөчү прибор. Ичиндеги аба сорулуп алынган, серпилгич болуш үчүн гофрирделген жука металл кутучадан турат. Абанын басымы көтөрүлгөндө, кутуча кысылып, өзүнө бекитилген пружинаны тартат, абанын басымы төмөндөгөндө, пружинанын ийилгени тартылат да, кутучанын үстүнкү капталы көтөрүлөт. Пружинанын мындай өзгөрүшү рычаг аркылуу ага бекитилген жебеге (В) берилет. Шкала (С) боюнча жебе кыймылдап басымды көрсөтөт. Өлчөө каталыгы 1–2 гПа. Анероид алып жүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, бийиктикти өлчөөдө да колдонулат.
Ад.: Стернзат М. С. Метеорологические приборы и измерения. Л., 1978.