АНЕМОМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЕМОМЕТР (анемо... жана ... метр) – шамалдын жана газ агымынын ылдамдыгын өлчөөчү прибор. Бир нече түрү бар. Карман жүрмө анемометр практикада көп пайдаланылат. Ал томпок жактары бир жакты карап турган 4 чөйчөкчөдөн турат. Чөйчөкчөлөр ок темирдин жогору жагына кайчылаштырып бекитилет; алар шамалдын таасиринен кыймылга келип, кыймыл ок темирдин төмөнкү учундагы эсептөө куралынын жебесине берилет. Айлануу санына жараша шамалдын орточо ылдамдыгы аныкталат. Желдеткич түтүктөр менен каналдарындагы аба агымынын орточо ылдамдыгын аныктоодо баралуу анемомето колдонулат.
Ад.: Стернзат М. С. Метеорологические приборы измерения. 1978; Качурин Л. Г. Методы метеорологических измерений. 1985.