АНЕМОМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЕМОМЕТР (анемо... ж-а ... метр) – шамалдын ж-а газ агымынын ылдамдыгын өлчөөчү прибор. Бир нече түрү бар. Карман жүрмө А. практикада көп пайдаланылат (к. сүрөт). Ал томпок жактары бир жакты карап турган 4 чөйчөкчөдөн турат. Чөйчөкчөлөр ок темирдин жогору жагына кайчылаштырып бекитилет; алар шамалдын таасиринен кыймылга келип, кыймыл ок темирдин төмөнкү учундагы эсептөө куралынын жебесине берилет. Айлануу санына жараша шамалдын орточо ылдамдыгы аныкталат. Желдеткич түтүктөр м-н каналдарындагы аба агымынын орточо ылдамдыгын аныктоодо баралуу А. колдонулат.
Ад.: Стернзат М. С. Метеорологические приборы измерения. 1978; Качурин Л. Г. Методы метеорологических измерений. 1985.