АНДЫГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДЫГЕН – Баткен районундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 193 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы Андыген ашуусунан башталат. 64 майда куймасы бар, эң ириси – Жилкан. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 1,08 м³/сек. Жээгинде Говсувар кыштагы жайгашкан.