АНДЫГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:04, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДЫГЕН – Баткен районундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 193 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы Андыген ашуусунан башталат. 64 майда куймасы бар, эң ириси – Жилкан. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 1,08 м/сек. Жээгинде Говсувар кыштагы жайгашкан.