АНДЫГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДЫГЕН– Баткен р-нундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Уз. 41 км, алабынын аянты 193 км2. Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Андыген ашуусунан башталат. 64 майда куймасы бар, эң ириси – Жилкан. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 1,08 м/сек. Жээгинде Говсувар кыш. жайгашкан.