АНДРОМЕДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДРОМЕДА (Andromeda) – асман сферасынын Түн. жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш А. тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. А. топ жылдызынын а, b жана g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, А. жана Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. А-нын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да а жылдызы.