АНДРИАНОВ Кузьма

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДРИАНОВ Кузьма Андрианович [15 (28). 12. 1904, Твер губерниясы, Кондраково айылы – 13. 03. 1978, Москва] – орус химиги, СССР ИАнын академиги (1964; мүчө-корреспонденти 1953). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Москвадагы энергетика институтунун профессору (1946). Москва университетин бүткөндөн кийин (1930), Бүткүл союздук электр техникалык институтта (1929-1954), Бүткүл союздук авиациация материалдар институтутунда (1946-1953), СССР ИАнын элементорганикалык бирикмелер институтунда (1954-жылдан) жана Москвадагы кылдат химиялык технология институтунда иштеген. Анын негизги эмгеги кремний органикалык бирикмелердин химиясына жана синтездөөгө арналган. Ал органикалык эмес чынжырлуу молекуласы бар жаңы полимерлерди, кремний тетрохлоридин синтездөөнүн өнөр жайлык методун жана полиорганикалык металл силоксандарды (1947) синтездөөнүн негизги жолун иштеп чыккан. Андрианов СССР Мамлекеттик (1943,1946,1950, 1953) жана Ленин сыйлыктарынын (1962) лауреаты.

Эмг.: Высокомолекулярные кремнийорганнческне соединения. М., 1949. Кремнийорганические соединения. М., 1955. Полимеры с неорганическими главными цепями молекул. М., 1962.