АНДАРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 22 Май (Бугу) 2025 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАРАК (тажикче – дарактуу жер) – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Сумбула айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Исфана шаарынан 11 км түштүк-батыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 56 км. 1870-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1640 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 8336 (2024); негизинен тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, кафе, чайкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.