АНГОБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГОБ (фр. engobe) – карапа буюмдарынын сыртын жылмалоо жана ага кандайдыр бир түс берүү үчүн (бышырганга чейин) жалатылган ак же түстүү чопо катмары. Көп учурда ак түстөгү ангоб пайдаланылат. Анын негизги максаты – материалдын структурасын же түсүн жашыруу жана буюмдун бетине жаткырылган глазурдун боёгун ачык көрсөтүү. Ангоб айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда боёочу материалдардын ордуна колдонулат, к. Сграффито.